
.
«Кыргызгидромет» кызматы өлкө аймагында ноябрь айында күтүлүүчү аба ырайынын божомолун жарыялады.
Маалыматка ылайык, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын өрөөндөрүндө абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, айрым жерлерде нормадан жогору болушу күтүлүүдө.
Ал эми жаан-чачындын айлык көлөмү өлкөнүн көпчүлүк аймактарында климаттык нормага жакын болуп, айрым жерлерде нормадан көп жаашы мүмкүн.
Чүй облусу
Түнкүсүн абанын температурасы -1...+4 градустан +5...+10 градуска чейин өзгөрөт. Айрым түндөрү -2...-7 градуска чейин суук болушу ыктымал. Күндүз абанын табы +5...+10 градустан +13...+18 градуска чейин көтөрүлөт. Кээ бир күндөрү -1...+4 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн.
Талас облусу
Түнкүсүн абанын температурасы -2...+3 градустан +4...+9 градуска чейин өзгөрөт. Айрым түндөрү -3...-8 градуска чейин суук болушу күтүлөт. Күндүз +4...+9 градустан +11...+16 градуска чейин жылыйт. Кээ бир күндөрү -2...+3 градуска чейин төмөндөсө, айрым күндөрү +17...+22 градуска чейин көтөрүлүшү мүмкүн.
Ош облусу
Өрөөндөрдө түнкүсүн абанын температурасы +2...+7 градустан +8...+13 градуска чейин өзгөрүп, айрым түндөрү -4...+1 градуска чейин төмөндөйт. Күндүз +8...+13 градустан +14...+19 градуска чейин жылыйт. Кээ бир күндөрү +2...+7 градуска чейин төмөндөп, айрым күндөрү +20...+25 градуска чейин көтөрүлүшү мүмкүн.
Тоо этектеринде түнкүсүн -1...+4 градустан +6...+11 градуска чейин өзгөрөт. Айрым түндөрү -2...-7 градуска чейин суук болушу ыктымал. Күндүз +6...+11 градустан +12...+17 градуска чейин жылыйт.
Жалал-Абад облусу
Түнкүсүн абанын температурасы +2...+7 градустан +8...+13 градуска чейин өзгөрөт. Айрым түндөрү -4...+1 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн. Күндүз +8...+13 градустан +14...+19 градуска чейин көтөрүлөт. Кээ бир күндөрү +2...+7 градуска чейин төмөндөсө, айрым күндөрү +20...+25 градуска чейин жылышы күтүлөт.
Тоо этектеринде түнкүсүн -1...+4 градустан +6...+11 градуска чейин өзгөрүп, айрым түндөрү -2...-7 градуска чейин суук болот. Күндүз +6...+11 градустан +12...+17 градуска чейин жетет. Кээ бир күндөрү 0...+5 градуска чейин төмөндөп, айрым күндөрү +18...+23 градуска чейин көтөрүлүшү мүмкүн.
Токтогул районунда түнкүсүн -2...+3 градустан +4...+9 градуска чейин, күндүз +6...+11 градустан +12...+17 градуска чейин өзгөрөт.
Баткен облусу
Түнкүсүн абанын температурасы +2...+7 градустан +8...+13 градуска чейин өзгөрөт. Айрым түндөрү -4...+1 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн. Күндүз +8...+13 градустан +14...+19 градуска чейин көтөрүлүп, кээ бир күндөрү +2...+7 градуска чейин төмөндөйт. Айрым күндөрү +20...+25 градуска чейин жылышы күтүлөт.
Ысык-Көл облусу
Түнкүсүн абанын температурасы -5...0 градустан +1...+6 градуска чейин өзгөрөт. Кээ бир түндөрү -6...-11 градуска чейин суук болушу мүмкүн. Күндүз абанын табы +1...+6 градустан +11...+16 градуска чейин көтөрүлөт.
Нарын облусу
Түнкүсүн абанын температурасы -9...-4 градустан -1...+4 градуска чейин өзгөрөт. Айрым түндөрү -10...-15 градуска чейин суук болушу ыктымал. Күндүз -3...+2 градустан +3...+8 градуска чейин өзгөрүп, айрым күндөрү +10...+15 градуска чейин жылышы күтүлөт.



