
.
Бүгүн, 15-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Акыйкатчынын баяндамасы угулуп, аны жактыруу маселеси добушка коюлду.
Добуш берүүдөн кийин депутат Таалайбек Сарыбашов жанындагы кесиптешинин баскычын басам деп жатып, өз добушун туура эмес берип алганын айтты.
«Мен аркы кошунаныкын дагы басам деп, өзүмдүкүн каршы кылып коюпмун. Жамила Акматбековна капа болуп калбасын, мен негизи макулмун», — деди ал.
Парламент төрагасы Марлен Маматалиев болсо: «Кошунаныкын баскан жоксуз, кокустан басылып кетти десеңиз», — деп тамашалады.
Бул сөздөр жыйынга катышып отурган депутаттарды күлдүрдү.



