
.
2027-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанда желим баштыктарды жана пластик буюмдарды өндүрүүгө, сатууга, бекер таратууга жана өлкөгө импорттоого тыюу салынат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги маалымдады.
Министрликтин маалыматына ылайык, 14-октябрда желим буюмдарды өндүрүү жана кайра иштетүү менен алектенген ишкерлер менен жолугушуу өткөрүлдү.
Жолугушууда ишканалардын жаңы талаптарга даярдыгы, биологиялык жол менен ажыроочу материалдарды колдонууга өтүү жана пластик калдыктарын кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Ошондой эле министрлик бул багыттагы иштерди координациялоо үчүн өндүрүүчүлөрдүн жана кайра иштетүүчүлөрдүн катышуусунда жумушчу топ түзүү пландалып жатканын билдирди.



