
.
Бишкек–Ош унаа жолунда кичи автобустар менен жүргүнчү ташууга 2027-жылдын 15-майына чейин чектөө киргизилди. Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, мындай чечим кыш мезгилинде жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында кабыл алынган.
Буга байланыштуу мекеме айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого, аба ырайынын шарттарын эске алып, сапарларын алдын ала пландаштырууга чакырды.
Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги айрым аймактарда үшүк жүрүшү мүмкүн экенин эскерткен. Тактап айтканда, 17–18-октябрда Чүй облусунда, Таластын Айтматов районунда жана Ысык-Көлдүн Түп районунда абанын температурасы күндүз жана түнкүсүн 0...-2 градуска чейин төмөндөшү күтүлүүдө.
Ушуга байланыштуу адистер жашылча-жемиштерди, казылып алынган жана ачык жерде калган картошканы, ошондой эле кант кызылчасын үшүктөн сактоо зарылдыгын белгилешти.



