
.
Кыргызстандын Акыйкатчысынын Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери тергөө абагында кармалып турган жарандын кыйноо тууралуу арызы боюнча медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүшүнө көмөк көрсөтүштү. Анын жыйынтыгы менен Стамбул протоколу түзүлдү.
Акыйкатчы институтунун маалыматына караганда, 2026-жылдын 9-октябрында мекеменин кызматкерлери Манас шаарындагы Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №53 тергөө абагына мониторинг жүргүзүү үчүн барышкан. Анда карантиндик бөлүмдө кармалып турган 48 жаштагы А.Т.Т. милиция кызматкерлери тарабынан ур-токмокко кабылганын айтып даттанган.
Жаран Акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага кат жүзүндө кайрылып, укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого көмөк көрсөтүүнү өтүнгөн.
Маалыматка ылайык, ал Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси — ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу боюнча шектелүүдө. Ал 28-сентябрда Сузак районунун Сары-Булак айылында кармалган.
Арыздануучунун айтымында, аны түн ичинде Сузак райондук ички иштер бөлүмүнө алып барып, сурак учурунда ыкчам кызматкер физикалык күч колдонуп, күнөөсүн мойнуна алган көрсөтмөлөргө кол коюуга мажбурлаган. Андан кийин Октябрь айылдык милиция бөлүмүнө жеткирилип, эки күн бою тамак-аш берилбей кармалганын билдирген.
Жаран ошондой эле 1-октябрда кайрадан Сузак райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилгенин, ал эми 3-октябрда ага дагы зомбулук көрсөтүлгөнүн айткан. Анын билдирүүсүнө ылайык, кызматкерлер дубинка менен жамбашына жана башына, колу менен кулагына жана көкүрөгүнө урган.
Ал милиция кызматкерлеринин аракеттерине укуктук баа берүүнү, денесине жаракат келтирүү, коркутуу жана адамдык ар-намысын кемсинтүү фактыларын текшерүүнү өтүнгөн.
Акыйкатчы институту жарандын кыйноолорго же башка катаал мамилеге дуушар болгондугу тууралуу арызын текшерүү жана көрсөтүлгөн фактыларга укуктук баа берүү үчүн Жалал-Абад облустук прокуратурасына жөнөттү.
Арызда айтылган фактылар боюнча текшерүүнүн жыйынтыгы тууралуу маалымат берилген жок.