
.
Кыргызстанда учурда 221 миңден ашуун майыптыгы бар адам жашайт. Алардын 36 миңден ашууну балдар. Бул көрсөткүч өлкөнүн жалпы калкынын болжол менен 3 пайызын түзөт.
Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлдөрү маалымат жыйынында билдиришти.
Министрликтин маалыматына ылайык, социалдык жөлөкпул алуучулардын арасында II топтогу майыптыгы бар 29 882 адам бар. Ошондой эле I топтогу майыптыгы бар 8 631 адам жана III топтогу майыптыгы бар 15 406 адам жөлөкпул алышат.
Өлкөдө жарандарды медициналык-социалдык экспертизадан өткөрүү иштерин Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык медициналык-социалдык экспертиза борбору жана 27 аймактык медициналык-социалдык эксперттик комиссия жүргүзөт.
Ведомстводон белгилешкендей, медициналык-социалдык экспертизанын жеткиликтүүлүгүн, ачык-айкындуулугун жана сапатын жогорулатуу негизги артыкчылыктардын бири бойдон калууда.



