
.
Кыргызстанда кант диабети менен ооруган 90 миң адам расмий каттоого алынган. Бирок оорулуулардын чыныгы саны мындан да көп болушу мүмкүн. Бул тууралуу Эндокринологиялык диспансердин дарыгери Айсулуу Стамкулова Sputnik агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
Анын айтымында, айрым адамдар кант диабети менен ооруй турганын билсе да, ар кандай себептерден улам дарыгерге кайрылбай жүрүшөт. Ошондой эле оорусу бар экенин билбеген жарандар да кездешет.
Стамкулова каттоодо турган бейтаптардын басымдуу бөлүгү кант диабетинин экинчи тибинен жабыркай турганын белгиледи. Ал эми биринчи типтеги диабет менен ооругандар жалпы бейтаптардын 10-12 пайызын түзөт.
Дарыгердин маалыматына ылайык, 2025-жылдагы көрсөткүчтөр боюнча, каттоодо турган 90 миң бейтаптын арасында биринчи типтеги кант диабети менен ооруган балдар да бар. Алардын үлүшү 10 пайызды түзгөн. Бул көрсөткүч 2026-жылдын аягына чейин өзгөрүшү мүмкүн экенин кошумчалады.
Мындан тышкары, адис семирүү экинчи типтеги кант диабетинин өнүгүшүнө жана башка оорулардын пайда болушуна алып келиши мүмкүн экенин эскертти. Ашыкча салмак муундарга, омурткага жана кан тамырларга терс таасирин тийгизип, атеросклероз, инфаркт жана инсульт коркунучун жогорулатат.