
.
Кыргызстанда эттин баасын турукташтыруу максатында Россиядан мал сатып алынып, сатууга өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков парламент жыйынында билдирди.
Анын айтымында, мал үстөк акы кошулбастан сатууга берилген. Анын баасына транспорттук чыгымдар гана кошулган. Бул чара малдын баасынын төмөндөшүнө таасир эткен. Эми өкмөт эттин баасы да арзандайт деп күтүп жатат.
«Россиядан мал сатып алып, үстөксүз сатуу үчүн өткөрүп бердик. Ага транспорттук чыгымдар гана кошулду. Бул малдын баасын төмөндөттү. Эми эт да арзандайт деп ойлойбуз», — деди Акунбеков.
Эске салсак, буга чейин өкмөт эттин баасын турукташтыруу жана ички рынокту мал менен камсыздоону жакшыртуу боюнча бир катар чараларды пландаган. Анын алкагында Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө Казакстан, Россия жана Беларустан кеминде 20 миң баш уй жана бука сатып алуу каралган.
Мындан тышкары, этти жана эт азыктарын ортомчуларсыз, түз сатуу максатында өлкө боюнча 100 соода күркөсүн ачуу пландалууда.