
.
Кыргызстанда массалык башаламандыкка чакыруу фактысы боюнча издөөдө жүргөн К.С. аттуу жаран чет мамлекеттин аймагынан кармалып, өлкөгө жеткирилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, шектүү буга чейин биргелешкен ишкердикти жүргүзүү шылтоосу менен М.Н. аттуу жарандын 150 миң долларын алдамчылык жолу менен алган. Бул факты боюнча ага издөө жарыяланган.
ИИМдин маалыматына караганда, кийинчерээк чет өлкөдө жүргөн К.С. интернет-ресурстарга чагымчыл мүнөздөгү материалдарды жарыялап, митингдерди өткөрүүгө, массалык башаламандык уюштурууга жана бийликти басып алууга чакырыктарды жасай баштаган.
Аталган факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 36-беренеси жана 278-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыш белгилери менен кылмыш ишин козгогон.
Учурда шектүү Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары улантылууда.



