
.
Эмгек министрлигинин социалдык контракт программасы аркылуу каражат алып, өз ишин баштаган 30га жакын адамдын жылдык кирешеси бир миллион сомго жетти. Бул тууралуу министрликтин жетектөөчү адиси Гүлмайрам Автандил кызы Sputnik Кыргызстан радиосуна билдирген.
Анын маалыматына караганда, программанын катышуучуларынын айрымдары ишкерлигин кеңейтип, кошумча жумуш орундарын түзүүгө жетишкен. Министрликте аларды шарттуу түрдө «миллионерлер» деп атап келишет.
Социалдык контракт программасы 2022-жылы ишке кирген. Аны каржылоого мамлекет жыл сайын эки миллиард сомго жакын каражат бөлөт. Учурда программа алкагында берилүүчү каражаттын көлөмүн 150 миң сомдон 300 миң сомго чейин көбөйтүү маселеси каралууда.
Мындан тышкары, бешке чейин жумуш ордун түзгөн ишкерлерге ар бир кызматкер үчүн 150 миң сомдон кайтарымсыз каражат берүүнү караган жаңы долбоор иштелип жатат.



