
.
Бишкек шаарындагы жаңы төшөлгөн асфальт пластилин сыяктуу жумшарып, айрым жерлеринде кемчиликтер пайда болууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова билдирди.
Ал мисал катары былтыр реконструкцияланган Курманжан Датка көчөсүн келтирип, жолдун айрым тилкелеринде эле көйгөйлөр жарала баштаганын белгиледи.
«Асфальт кадимки пластилинге айланып калыптыр. Бул жолдордун сапаты үчүн ким жооп берет?» — деп суроо салды депутат парламенттин Өнөр жай саясаты, транспорт комитетинин жыйынында.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков жаңы курулган жана реконструкцияланган жолдорго үч жылга чейинки кепилдик мөөнөтү берилерин түшүндүрдү. Анын айтымында, ушул убакыт аралыгында кемчиликтер аныкталса, подрядчы аларды өз эсебинен оңдоого милдеттүү.
Буга чейин Жогорку Кеңештин вице-спикери Болот Ибрагимов да борбор калаадагы жолдордун сапатына нааразычылыгын билдирген. Ал Ауэзов көчөсүндөгү көпүрө 2025-жылы болжол менен 140 миллион сомго курулганына карабастан, сегиз айга жетпей асфальты бузулуп, пластилинге окшоп калганын айткан.
Ошондой эле депутат жолдун сапатын аныктоо үчүн эл аралык эксперттерди тартуу менен көз карандысыз иликтөө жүргүзүүнү талап кылган.



