
.
Президент Садыр Жапаров жыл аягында жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн ишине баа берилип, милдеттерин талаптагыдай аткарбаган жетекчилердин маселеси караларын билдирди. Бул тууралуу ал Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын тургундары менен жолугушууда айтты.
Жолугушууда жергиликтүү бийликтин ишине нааразы болгон тургундардын бири кайрылуу жасаган. Ага жооп берип жатып, мамлекет башчысы облустук жетекчилерден тартып, төмөнкү деңгээлдеги кызмат адамдарына чейин ишти жетиштүү деңгээлде алып барбай жатканын белгиледи.
«Айлыктары мурдагыдай 30-40 миң сом эмес, 100 миң сомго чейин алышат. Алдында жапжаңы кызматтык унаалары бар. Бирок иштегени абдан начар, мен муну айтып эле келатам. Жыл соңунда жыйынтык чыгарабыз, көбүнүн иши каралат», — деди президент.



