
.
Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, чет өлкөлүк номердеги автоунаалар Кыргызстанда алты айга чейин убактылуу каттоого алынат.
Жаңы тартип боюнча, унааны чек арадан эки-үч күнгө чыгарып, кайра алып келүү каттоо мөөнөтүн жаңыртууга негиз болбойт. Жаңы мөөнөт автоунаа өлкө сыртында кеминде 30 күн болгондон кийин гана эсептеле баштайт.
Убактылуу каттоо мөөнөтү аяктагандан кийин унаа тууралуу маалымат электрондук базада сакталат. Эгер автоунаа Кыргызстандан чыгарылбаса, тиешелүү чараларды көрүү үчүн маалымат ички иштер органдарына жана Чек ара кызматына автоматтык түрдө жөнөтүлөт.
Ошол эле учурда Шахимардан жана Сох анклавдарына каттап жүргөн, ошондой эле Ворух багытындагы макулдашылган маршруттарды пайдаланган автоунаалар үчүн өзүнчө тартип каралган.



