
Сокол Медиа сайтынын бул жолку каарманы – Тогуз-Торо районунын Казарман айылынын тургуну, ишкер Жаннат айым болду.
Анын айтымында, төрт жыл мурда жеке тараптардан эски имаратты 8 миллион сомго сатып алып, кийин аны толугу менен реконструкциялап, эки кабаттуу кафе жана мейманкана курган. Ишкердин билдиришинче, курулуш иштерине 20 миллион сомдон ашык каражат жумшалып, жалпы инвестициянын көлөмү 30 миллион сомго жеткен.
Бирок Жаннат айымдын айтымында, 2024-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын аймактык өкүлдөрү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери аталган объект мурда мыйзамсыз менчиктештирилген деген жүйө менен аны мамлекеттин карамагына кайтарууну талап кылып жатышат.
Ишкер мамлекетке өткөрүлө турган болсо, имаратка жумшалган каражаттын орду кандай тартипте толтуруларын сураганда, «бул мамлекетке кошкон салымыңыз болот, эч ким чыгымыңызды төлөп бербейт» деген жооп укканын айтууда.
Ошондой эле Жаннат айым жана анын жолдошу Тариел мырза эки жылдан бери уланып жаткан тергөө жана соттук териштирүүлөр алардын ден соолугуна терс таасирин тийгизип жатканын билдиришти. Толук чыгарылышты "Sokol" Media YouTube каналынан көрө аласыздар.