
.
Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, жакынкы үч саат аралыгында Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө чыгыштан соккон шамал күчөйт.
Күндүз жана кечке жуук күн күркүрөп, өткүн өтүшү күтүлөт. Андан кийин шамалдын багыты батышты көздөй өзгөрүп, ылдамдыгы секундасына 15–20 метрге чейин жетет.
Адистер жарандарды коопсуздук эрежелерин сактоого чакырып, мүмкүн болушунча бак-дарактардын, жарнамалык конструкциялардын жана электр берүүчү зымдардын жанында турбоону сунушташты. Ошондой эле айдоочулар менен жөө жүргүнчүлөрдү жолдо өзгөчө этият болууга үндөштү.