
ТҮНДҮК–ТҮШТҮК АЛЬТЕРНАТИВДИК УНАА ЖОЛУ ТАЗАЛАНЫП, ЖОЛ АЧЫЛДЫ
Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолунун 260–274-чакырым аралыгында нөшөрлөп жааган жаан-чачындын кесепетинен таш көчкү түшүп, жол убактылуу жабылган.
Жеринде министрликтин атайын техникалары тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлүп, жол ачылды.
Айдоочулар жол кыймылынын эрежелерин жана ылдамдыкты так сакташ керектиги айтылды.