
Оң рулдуу унааларга акыркы мөөнөт берилди
Президент Садыр Жапаров чет өлкөлүк номерлүү унааларды мыйзамдаштыруу боюнча жарлыкка кол койду. Документке ылайык, буга чейин легалдаштырылбай калган автоунаалардын ээлерине 2026-жылдын 1-сентябрына чейин акыркы мүмкүнчүлүк берилет.
Жарандар көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин төрт варианттын бирин тандашы керек: унааны легалдаштыруу, өлкө аймагынан чыгарып кетүү, тетиктерге ажыратып сатуу же утилдештирүү.
Жарлыкта кошумча легалдаштыруу өнөктүгү бир жолку чара экени белгиленип, ал 2024-жылдын 31-декабрына чейин Кыргызстанга киргизилген, бирок мамлекеттик каттоодон өтпөй калган унааларга гана тиешелүү болору көрсөтүлгөн.
Мындан тышкары, 1-сентябрдан кийин мыйзамдаштырылбаган чет өлкөлүк номерлүү унааларды пайдаланууга тыюу салынат. Талаптарды аткарбаган транспорт каражаттары соттун чечими менен айып короолорго токтотулуп, кийин утилдештирилиши мүмкүн.
Өкмөткө бир ай ичинде кошумча легалдаштыруу тартибин жана утилдештирүү механизмин иштеп чыгып бекитүү тапшырылды. Ошондой эле айып короолордо турган мындай унааларды сактоо үчүн суткасына 50 сом өлчөмүндө төлөм алынат.
Бийлик бул чечим чет өлкөлүк номер менен жүргөн автоунаалардын укуктук макамын тактап, көптөн бери талкууланып келген маселени жөнгө салууга багытталганын белгилөөдө.