
Ноокат районунда жайыттарды жакшыртуу жана алардын түшүмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча иштер ырааттуу жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Ноокат райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынан билдиришти.
Мамлекет тарабынан берилген жайыт өсүмдүктөрүнүн 6 түрдөгү үрөнү район аймагындагы 390 гектар жайыт жерине себилип, атайын тосмолор менен коргоого алынган.
Бүгүнкү күндө деградацияга учураган жайыттарга себилген үрөндөр жакшы өнүп чыгып, жайыт өсүмдүктөрүнүн калыбына келишине жана тоют базасынын чыңдалышына өбөлгө түзүүдө. Бул иштер жайыттардын продуктивдүүлүгүн жогорулатууга, жер ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга жана экологиялык абалды жакшыртууга багытталган.
Жайыттарды калыбына келтирүү боюнча иш-чаралар мындан ары да улантылып, алардын абалын жакшыртуу жана мал чарбачылыгын өнүктүрүү үчүн тиешелүү иштер жүргүзүлөт.



