
Баткен облусунун Кадамжай районунда арпа эгинин жыйноо иштери башталды. Алгачкы жыйынтыктарга ылайык, 1 гектар аянттан 42 центнер түшүм алынууда.
Бул көрсөткүч дыйкандардын эмгегинин, агротехникалык талаптардын өз убагында аткарылышынын жана түшүмдүүлүктү жогорулатууга багытталган иштердин натыйжасын чагылдырат. Учурда район аймагында түшүм жыйноо иштери уюшкандыкта улантылууда.
Кадамжай району боюнча 4395 гектар жерге кылкандуу дан эгини эгилген. Анын ичинен 450 гектары арпа, калганын буудай түзөт. 14 комбайн түшүм жыйноо иштерине даяр.



