
Румыниянын президенти Никушор Дан Орусиянын Констанца шаарындагы башкы консулу Андрей Косилинди персона нон грата деп жарыялап, ошол эле шаардагы Орусиянын Башкы консулдугу жабыларын маалымдады.
Мындай чечимге 29-майга караган түнү болгон окуя себеп болгон. Анда Румыниянын Галац шаарындагы турак жайлардын биринин чатырына дрон кулап түшкөн. Өлкөнүн Коргоо министрлигинин алдын ала маалыматы боюнча, ал Орусия колдонуп жүргөн «Герань-2» үлгүсүндөгү учкучсуз учак болгон.
Окуянын кесепетинен эки адам – эне менен уул жаракат алды. Ошондой эле дагы бир дрон өлкөнүн түндүгүндөгү Марамуреш аймагындагы Бэсешть коммунасынын жанынан табылган. Жергиликтүү маалымат каражаттарына берген маегинде Никушор Дан бул окуяны олуттуу көрүнүш катары баалап, айрым саясатчыларды Орусиянын аракеттерин актоого аракет кылып жатат деп сынга алды. Өз кезегинде Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова Румыниянын чечимине жооп чаралары жакын арада көрүлөрүн билдирди. Румыниянын тышкы иштер министри Оана Цою болсо бул окуяны Орусия тарабынан жасалган жоопкерчиликсиз аракет деп атап, маселе боюнча НАТОнун жетекчилигине маалымат берилгенин айтты. Анын белгилешинче, өлкө дрондорго каршы коргонуу каражаттарын тез арада алуу боюнча өтүнүч жөнөткөн. Окуядан кийин Румыниянын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын элчиси Владимир Липаевди түшүндүрмө берүү үчүн чакыртты. Буга чейин Румыния бийлиги орусиялык дрондордун өлкө аймагына кириши же кулап түшүшү боюнча ондогон учурларды каттаган. Бирок бул жолку окуянын өзгөчөлүгү — дрондун калк жыш жайгашкан аймакка түшүп, жай тургундардын жабыркашы болду.