
29-май күнү президент Садыр Жапаров Астана шаарында өтүп жаткан Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин кезектеги жыйынында
Президенттин маалымат кызматынын билдирүүсүнө ылайык, иш-чаранын алдында Көз карандысыздык сарайында Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн лидерлерин расмий тосуп алуу аземи уюштурулду. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Россиянын президенти Владимир Путин, Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко, Армениянын вице-премьери Мгер Григорянды, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаевди тосуп алды. Катышуучулар биргеликте сүрөткө түшкөндөн кийин, тар курамдагы жыйын өткөрүү үчүн залга өтүштү.