
.
Кыргызстанда 16-22-ноябрь аралыгында курч респиратордук вирустук инфекция жана сасык тумоо менен ооругандардын 13 миң 386 учуру катталды. Бул көрсөткүч мурунку аптага салыштырмалуу 17%га жогору. Анда 11 миң 439 адамдан оору аныкталган.
Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматына ылайык, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу ооругандардын саны 2,5%га көбөйгөн.
Ооругандардын көпчүлүгүн 14 жашка чейинки балдар түзөт. Алардын саны 8 миң 967ге жетип, жалпы учурлардын 67,1 пайызын түзгөн.
Эпидемиологиялык абалга көз салуу максатында Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында лабораториялык мониторинг жүргүзүлүүдө.
Изилдөөлөрдүн жыйынтыгында аныкталган вирустардын арасында риновирустар басымдуулук кылууда. Алар жалпы көрсөткүчтүн 44,1 пайызын түзөт. Мындан тышкары, парагрипп вирустары — 25,1%, аденовирустар — 12,9%, сезондук коронавирус — 9,6%, бокавирустар — 7,4% деңгээлинде катталган. Башка вирустардын үлүшү 0,9%ды түздү.