
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рустам Балтабаев Министрлер Кабинетинин «100 өнөр жай ишканасы – 2026» программасын ишке ашыруунун алкагында Ош жана Жалал-Абад облустарындагы көйгөйлүү өнөр жай объектилерин жеринен көрүп баштады
Иш сапардын алгачкы объектиси болуп «Барбол» ЖЧК кондитердик фабрикасы болду. Ишканага баруудан мурун Ош шаардык мэриясында биринчи вице-мэрдин, тармактык кызматтардын жана мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда кеңешме өтүп, анда долбоорду ишке ашырууга тоскоолдук жаратып жаткан маселелер, анын ичинде жер тилкесин бөлүп берүү жана трансформациялоо, инфраструктура менен камсыздоо жана каржылоону тартуу маселелери каралды.
Кеңешмеден кийин делегация фабриканын өндүрүштүк кубаттуулуктары менен таанышып, ошондой эле ишкананы кеңейтүү үчүн кошумча жер тилкесин бөлүп берүү пландалып жаткан аймакка барды.
«Барбол» кондитердик фабрикасы кайра иштетүү өнөр жайы тармагындагы ири инвестициялык долбоорлордун бири болуп саналат. Долбоордук кубаттуулугу жылына 5 миң тонна кондитердик продукцияны түзөт. Ал эми толук кубаттуулукка чыкканда 700гө чейин жаңы жумуш орду түзүлүшү пландалууда. Иш сапардын жыйынтыгында Рустам Балтабаев жер тилкесин бөлүп берүү жана трансформациялоо, ошондой эле долбоорду каржылоо менен байланышкан маселелерди мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө чечүүнү тездетүү зарылдыгын белгилеп, ишкананы өз убагында ишке киргизүүнүн маанилүүлүгүн, кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү жана жаңы жумуш орундарын түзүү үчүн маанилүү экенин баса белгиледи.