
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги 2026-жылдын 1-июнунда Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата өтүүчү «Балалык дүйнөсү жана көчмөн деми» аттуу майрамдык фестивалга чакырат.
Майрамдык иш-чара саат 09:00дөн 16:00гө чейин Бишкек шаарындагы «Сейтек» балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук борборунда жана Чыңгыз Айтматов атындагы эмен багынын аймагында өткөрүлөт. Фестивалдын алкагында улуттук аспаптарда ойноо, улуттук оюндар жана бийлер, боз үй тигүү, планетарий, 3D графика жана дизайн, улуттук жана интеллектуалдык көргөзмөлөр, архитектура, спорт, сүрөт, ыр жана бий чеберлеринин катышуусунда мастер-класстар, робототехника, көркөм сүрөт жана прикладдык чыгармачылык, спорт оюндары, экология жана туризм боюнча ар кыл иш-чаралар уюштурулат. Фестивалдын негизги максаты — балдардын чыгармачылык дараметин өнүктүрүү, улуттук баалуулуктарды даңазалоо, ошондой эле балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелерине коомчулуктун көңүлүн буруу. Өткөрүлүүчү жери: «Сейтек» балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук борбору жана Ч. Айтматов атындагы эмен багы Убактысы: 2026-жылдын 1-июну, саат 09:00–16:00Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн, ата-энелерди жана шаар тургундарын майрамдык фестивалга катышууга чакырат.