
2026-жылдын I кварталынын жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасында товардык балык өндүрүүнүн көлөмү 4029,1 тоннаны түздү. Учурда республика боюнча 545 балык чарбасы иш алып барууда
Балык чарбачылыгы өлкөнүн агрардык секторунда туруктуу өнүгүп жаткан артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат. Министрлик тарабынан аквакультура тармагын өнүктүрүү, заманбап өндүрүш ыкмаларын жайылтуу, ички рынокту сапаттуу балык продукциясы менен камсыз кылуу жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү боюнча системалуу иштер жүргүзүлүүдө.
Аймактар боюнча көрсөткүчтөр төмөнкүчө:
Чүй облусу — 2206,7 тонна, 398 чарба;
Ысык-Көл облусу — 311,4 тонна, 48 чарба;
Нарын облусу — 243,5 тонна, 34 чарба;
Ош облусу — 110,2 тонна, 11 чарба;
Жалал-Абад облусу — 962,2 тонна, 39 чарба;
Талас облусу — 195,1 тонна, 15 чарба.
Өндүрүш көлөмү боюнча Чүй облусу алдыңкы орунду ээлесе, Жалал-Абад облусунда дагы балык чарбачылыгынын өсүү динамикасы туруктуу сакталууда. Бул көрсөткүчтөр аймактарда аквакультура багытындагы ишмердүүлүктүн активдешип жатканын айгинелейт. Министрлик тарабынан балык чарбачылыгынын инфраструктурасын жакшыртуу, жаңы технологияларды киргизүү, инвестиция тартуу жана өндүрүш кубаттуулугун кеңейтүү боюнча иштер мындан ары да улантылат. Бул өз кезегинде азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана өлкөнүн экспорттук потенциалын жогорулатууга өбөлгө түзөт.