
К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы
№ 137 “2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө” Жарлыгы менен бекитилген 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегиянын жоболорун ишке ашыруу, коррупцияга каршы пропаганда жүргүзүү, коррупцияга каршы стандарттарды жайылтуу жана коомдо коррупцияга каршы маданиятты калыптандыруу, коррупциянын зыяны жана анын алдын алуу, коррупцияга каршы баалуулуктарды илгерилетүү жана коррупцияга жол берилбестик принцибине негизделген коомдук көз карашты калыптандыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен биргеликте К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин профессордук-окутуучулук курамынын, эмгек жааматынын жана окуу жайдын студенттеринин катышуусунда агартуу багытындагы иш-чаралардын жыйыны болуп өттү.
Ошондой эле, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында 2026-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы маалыматтык саясатынын мамлекеттик программасын ишке ашыруунун алкагында, иш-чаралар планынын аткарылышын камсыз кылуу максатында өткөрүлдү.