
18-майынан 22-майына чейин Талас облусунда “НАССР: тамак-аш ишканаларын инспекциялоо” деген темада маанилүү семинар-тренинг болуп өттү
Иш-чара Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) “Сүт жана сүт азыктарынын сапатын жакшыртуу боюнча кеңешчи” долбоорунун алкагында уюштурулду. Окутууга Талас, Ысык-Көл, Чүй облустарынан жана Бишкек шаарынан келген ветеринардык инспекторлор, жеке ветеринарлар, ошондой эле ата мекендик тамак-аш ишканаларынын адистери катышты.
Семинардын негизги баяндамачысы — JICAнын эксперти Като Масахари катышуучуларга “НАССР жана ISO 22000 эл аралык стандарттары” жана азык-түлүк коопсуздугунун заманбап талаптары тууралуу кеңири презентация жасады.
Долбоордун алкагында теориялык билимдер практика менен айкалыштырылды. Катышуучулар «Эмилия» ЖЧК (ОсОО) ишканасында, атайын сүт кабыл алуу пунктунда жана мал чарба фермасында болушуп, тамак-аш коопсуздугун көзөмөлдөө жана инспекция жүргүзүү боюнча реалдуу тажрыйба алышты.