
Көлдүн кооптуу жээктерине тыюу салынган баннерлер илинүүдө
2026-жылдын жайкы туристтик мезгилинде жарандардын көлгө, сууга түшүүдөгү коопсуздугун, сууга түшүү эрежелерин сактоо максатында Түп райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жана РИИБдин кызматкерлери менен биргеликте Түп районунун муниципалдык пляжына эс алып жүргөн тургундарга үгүт-насаат иштерин жүргүзүп жатышат. Ага катар көлдүн кооптуу жээктерине тыюу салынган баннерлер илинүүдө.
Белгилей кетсек, учурда Ысык-Көл облусу боюнча жер-жерлерде суу коопсуздугу боюнча суу обьекттеринде түшүндүрүү иштери жүрүүдө.