
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде “Мөмөлөр жана жемиштер” айыл чарба кластери менен биргеликте Россия Федерациясынын Жемиштер союзунун жана Фрагария компаниялар тобунун өкүлдөрү катышкан жолугушуу өткөрүлдү
Иш-чарага республика боюнча мөмө-жемиш багытында иш алып барган дыйкан-фермерлер, питомник өкүлдөрү, экспорттоочулар, ошондой эле тармак өкүлдөрү офлайн жана видеоконференцбайланыш аркылуу катышышты. Жолугушуунун жүрүшүндө Фрагария өкүлдөрү өздөрүнүн ишмердүүлүгү, заманбап технологиялары, көчөт өстүрүү, мөмө-жемиш өндүрүү жана экспорттоо багытындагы тажрыйбалары тууралуу кеңири презентация жасашты. Ошондой эле тамчылатып сугаруу технологиялары боюнча презентациялар сунушталды. Катышуучулар өз ара тажрыйба алмашып, кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Жолугушуунун алкагында фермерлер жана компания өкүлдөрү байланыш маалыматтары менен алмашып, келечектеги кызматташтык боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Иш-чара суроо-жооп форматында өтүп, катышуучулар өздөрүн кызыктырган суроолоруна жооп алышып, тармак боюнча пайдалуу жана актуалдуу маалыматтарды алууга жетишишти. Жолугушуунун жыйынтыгында мындай иш-чаралар агрардык сектордогу эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, жаңы технологияларды жайылтууга жана ата мекендик фермерлердин тажрыйбасын жогорулатууга өбөлгө түзөрү белгиленди.