
Өлкөдө автоунаа импортунун көлөмү өскөнү маалымдалды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады
Маалыматка ылайык, жылдын биринчи чейрегинде республикага 38,6 миң унаа киргизилген. Бул көрсөткүч өткөн жылдын январь–март айларына салыштырмалуу 11 миңге көп.
Импорттолгон унаалардын негизги бөлүгү Кытайдан (18 миң) жана Түштүк Кореядан (13,6 миң) келген. Ал эми үчүнчү орунда АКШдан алып келинген автоунаалар турат (2,1 миң).