
Юрист Зара Горбушина Орусиядагы мигранттарга кайрылып, орус жараны менен никеге туруу аларды депортациядан сактап калбай турганын эскертти
Анын айтымында, орусиялык жаранга үйлөнүү же турмушка чыгуу бардык миграциялык көйгөйлөрдү, анын ичинде депортацияны автоматтык түрдө чечет деген түшүнүк туура эмес. Орусиянын Жогорку соту бул боюнча так позициясын билдирген — үй-бүлөлүк байланыштар өлкөдөн чыгарылуудан коргой албайт, айрыкча мындай чечим нике катталганга чейин кабыл алынган болсо. Бул тууралуу юристтин сөзүн Gazeta.ru жазды. Чет элдик жарандарды депортациялоонун негизги себептери катары документтердин мөөнөтүнүн өтүп кетиши, чек арадан мыйзамсыз өтүү жана Ички иштер министрлигинин коомдук тартипке коркунуч бар деген чечими көрсөтүлөт. Горбушина белгилегендей, үй-бүлө куруу миграциялык көзөмөлдөн бошотпойт. Ошондой эле бирге жашабай, формалдуу түрдө гана катталган жасалма нике жокко чыгарылышы мүмкүн. Ал нике жөн гана макам алуу үчүн эмес, чыныгы мамилеге негизделиши керектигин айтып, жасалма нике олуттуу укуктук кесепеттерге алып келерин эскертти. Орусиянын ИИМинин маалыматына ылайык, 2025-жылы өлкөдөн 72 миң мигрант депортацияланган. Ал эми быйылкы жыл башынан бери дагы он миңдеген чет элдик жаран чыгарылган. Мындан мурда Мамдуманын төрагасы Вячеслав Володин депутаттар мигранттарды депортациялоонун негиздерин 22ден 43кө чейин көбөйтүүнү карап жатканын билдирген. Жаңы негиздердин катарына коомдук тартипти бузуу, күч түзүмдөрүнүн талаптарына баш ийбөө жана инфраструктура менен транспорттун ишине тоскоолдук кылуу сыяктуу учурлар киргизилиши мүмкүн.