
Бишкек шаарындагы Улуттук филармониянын алдындагы оргуманы жана анын айланасын жаңылоо иштери улантылып жатат. Бул тууралуу шаар башчысы Айбек Жунушалиев билдирди
Анын айтымында, аталган иштер аймактын эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу, ошондой эле абаны нымдандырып, чаңды азайтуу максатында жүргүзүлүүдө. Бул иштердин алкагында өткөн жылы дарыялар да тазаланган. Мэр ошондой эле шаарда дагы 9 оргуманы оңдоо пландалып жатканын кошумчалады. Мындан тышкары, реконструкция жүрүп жаткан аймактагы тротуарлардын брусчаткалары толугу менен алмаштырылат. Анын айтымында, кошумча иштерден улам реконструкциянын мөөнөтү болжол менен бир айга узартылат. Жаңыланган аймакты жана оргуманы июнь айынын аягында ачуу пландалууда. Ошондой эле, иштер бүткөндөн кийин филармониянын аймагында ролик, самокат жана башка ушул сыяктуу транспорт каражаттарын колдонууга тыюу салынары белгиленди. «Кечинде бул жерде ролик жана самокат тээп жүргөндөрдү көрдүм. Бул жер мындай активдүү кыймыл үчүн ылайыктуу эмес. Биз алар үчүн өзүнчө аймак бөлүп беребиз», — деди ал.