
Курман айт быйыл 27-майга белгиленген
Быйыл Курман айттын намазы Бишкек шаарында Турдакун Усубалиев атындагы аянтта окулат. Бул тууралуу муфтият кабарлады. Ал эми Ош шаарында борбордук аянтта окула турган болду. Эки жакта тең намаз саат 7:30да башталат. Ага чейин куран окулуп, баяндар айтылат. Белгилей кетсек, Курман айт быйыл 27-майга белгиленген.