
Президент Садыр Жапаров мурдагы муфтий Чубак ажы Жалиловго «Ак Шумкар» өзгөчө белгисин ыйгаруу менен «Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры» деген эң жогорку артыкчылык наамын ыйгарды
Тиешелүү жарлык диний билим берүүнү жана руханий агартууну өнүктүрүүгө, моралдык-адептик баалуулуктарды калыптандырууга, ошондой эле элдин маданий-диний салттарын сактоого кошкон өзгөчө салымы үчүн кабыл алынганы айтылды. Чубак ажы Жалилов 2010–2012-жылдары өлкөнүн муфтийи болуп иштеген. Ал 2020-жылдын 11-июлуна караган түнү каза болгон.
Жалилов 1975-жылы Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Бай-Мундуз айылында төрөлгөн. Ал орто мектепти алтын медаль, ал эми жогорку окуу жайды артыкчылык менен бүтүргөн. «Умар» атындагы Кыргызстан ислам университетин, Сауд Арабиядагы «Умм аль-Куро» университетинин алдындагы араб тили институтун жана шарият факультетин аяктаган. Ошондой эле магистр даражасына ээ болуп, докторлук диссертациясын жактоонун алдында турган.