
Бишкек шаарындагы №18 кесиптик лицейде окуучуну сабаган мугалимге байланыштуу кызматтык иликтөө башталды
19-майда болгон окуянын видеосу соцтармакта тараган. Анда 47 жаштагы мугалим таяк менен өспүрүмдөрдү сабаганын көрүүгө болот. Октябрь РИИБи териштирүү баштап, бардык катышуучулар, лицейдин өкүлдөрү жана ата-энелер суракка алынган. Мындан тышкары , эки өсүрүмдүн тууганы мугалимге чара көрүү өтүнүчү менен арыз жазышкан. Калган ата-энелер арыз берүүдөн баш тарткан.
Маалыматка ылайык, башталгыч кесиптик билим берүү системине караштуу тиешелүү түзүмдөр бул окуяны ар тараптуу жана объективдүү иликтөө үчүн атайын комиссия түзүштү. Иликтөөнүн жыйынтыгында окуяга юридикалык жана педагогикалык баа берилип, керектүү тартиптик чаралар көрүлөрүн билдирди. Мындан тышкары, окуучулардын укуктарын коргоону күчөтүү, зомбулукка жол бербөө жана педагогикалык этиканын нормаларын сактоо боюнча лицейдин педагогикалык жамаатына түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
Учурда териштирүү иштери уланууда.