
Мурдагы депутат Шаирбек Ташиев 16-июлга чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка караганда, 2026-жылдын 15-майында Биринчи май райондук соту ИИМдин Тергөө кызматынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча башкармалыгынын тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канааттандырган.
Мурдагы депутат Шаирбек Ташиев “Кыргызнефтегаз” мамлекеттик ишканасындагы коррупциялык схемаларга катыштыгы бар деп шектелүүдө.Ички иштер министрлиги буга чейин “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коомунда ири коррупциялык схема аныкталганын билдирип, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шаирбек Ташиев 1-апрелде шектүү катары кармалганын маалымдаган. Тергөө материалдарына ылайык, нефть ортомчу компаниялар аркылуу берилип, кийин “Кыргыз Петролеум Компани” мамлекеттик ишканасына кайра сатылып, мыйзамсыз киреше алынгандыгы аныкталган.