
көмүр кени
Ош облусунун Ноокат районунда жайгашкан Беш-Буркан көмүр кенин иштетүү иштери жакын арада башталганы турат. Бул тууралуу Энергетика министрлиги маалымдады.
Маалыматка ылайык, аталган кенден жылына 900 миң тоннага чейин көмүр казып алуу пландалууда. Өткөн жылы даярдык иштеринин жүрүшүндө болжол менен 5 миң тонна көмүр алынган. Кендин жалпы запасы 42 миллион тоннадан ашык экени белгиленет.
Министрликтин билдирүүсүндө инвестор буга чейин долбоорго 25 миллион доллар көлөмүндө каражат салганы айтылат. Кен ишке кирсе, өлкөнүн түштүк аймагын көмүр менен туруктуу камсыз кылууга шарт түзүлүп, импортко болгон көз карандылык кыйла кыскарары күтүлүүдө.