
мушкер Медет Жээналиев
Эрежесиз эр уруш боюнча мушкер Медет Жээналиев Чолпон-Атада сууга чөгүп жаткан эки окуучуну куткарууга аракет кылып жатып өзү каза болду.
Ал достору менен көл жээгинде эс алып жүргөн учурда катуу толкундан улам чөгүп жаткан кызды байкап, жардамга дароо чуркаган. Жээналиев эки досу менен бирге сууга секирип, окуучуларды аман-эсен алып чыгууга жетишкен.
Тилекке каршы, куткаруу учурунда өзү сууга чөгүп кеткен. Кийин суучулдар анын сөөгүн таап, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.



