
спорт
12-май күнү Кыргыз футбол биримдигинин жаңы президенти Адылбек Касымалиев жетектеген жаңыланган курамдагы Аткаруу комитетинин алгачкы жыйыны өттү.
Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын U-23 – U-17 улуттук курама командаларынын иш концепциясы каралып, бекитилди.
Мындан тышкары, Аткаруу комитетинин мүчөлөрү Олимпиадалык курама команданын оюнчуларын каттоо мөөнөтүнөн тышкары Жогорку лига клубдарына билдирмеге киргизүүгө уруксат берүү маселесин карашты.