
Жаштарды коррупцияга каршы тарбиялоо
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын тарабынан К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде “Жаштар арасында коррупцияга каршы маданиятты калыптандыруу: билим берүү мекемелеринин жана мамлекеттик органдардын кызматташтыгы” аттуу тегерек стол өткөрүлдү.
Иш-чарага Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, университеттин эмгек жамааты жана студенттер катышты.
Тегерек столдун жүрүшүндө Башкы прокуратуранын өкүлү коррупциянын мамлекеттин өнүгүшүнө жана коомдогу адилеттүүлүккө тийгизген терс таасири тууралуу баяндама жасап, коррупцияга каршы күрөш мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты экенин белгилеп, бул багытта жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду. Ошону менен бирге, коррупцияга каршы аракеттенүүдө жаштардын ролу өзгөчө маанилүү экени баса белгиленди.
Иш-чаранын катышуучулары актуалдуу көйгөйлөр боюнча пикир алмашып, коомдо коррупцияга каршы чыдамсыз мамилени калыптандыруу учурдун негизги талаптарынын бири экени белгиленип, бул багыттагы маалыматтык-түшүндүрүү иштерин биргелешип күчөтүү боюнча резолюция кабыл алынды.