
Төө-Ашуу
Тоо беттеринен жолго түшкөн таштар тазаланды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди. 2026-жылдын 10-майынан 12-майына чейин республикалык тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда аба ырайынын туруксуздугуна жана күтулүп жаткан ношөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Бишкек-Ош унаа жолунун капчыгайында жана Төө-Ашуу тилкесинин 86-чакырымынан баштап 126-чакырымына чейинки аралыкта тоо бетинен таштар түшкөн.