
Эл тарабынан бир катар кайрылуулар түштү
Президенттин облустардагы өкүлдөрү, аймактагы кызмат жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери 11-майдан тартып күн сайын эл менен жолугушууну башташты.
Бишкек шаарынын мэри 12-майда Биринчи май районунун тургундары менен жолугушууда. Ош шаарынын мэри Курманжан датка жана Жибек Жолу муниципалдык башкармалыктарынын өкүлдөрү менен жолугушуп жатат.
Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Кадамжай районунун жашоочулары менен жолугуп, көйгөйлөрүн угууда. Жалал-Абад облусундагы өкүл Сузак районунда, Чүй облусундагы жетекчи Кемин районунда, Талас облусундагы өкүл Манас, Айтматов райондорунун тургундары менен жолугушууда.
Жолугушууларда жергиликтүү тургундар жол, ичүүчү жана сугат суу, мектеп, бала бакча сыяктуу көйгөйлөрдү көтөрүүдө.
Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков Фейсбукта маалымдагандай, жолугушуулар алдыңкы эки ай ичинде жүргүзүлөт жана бардык айылдарды камтыйт. Эч кандай тандоо же чектөө болбойт. Бийлик өкүлдөрү элдин үнүн угуп, көйгөйлөр болсо жооп берип, мүмкүнчүлүккө жараша жеринде чечүүгө аракет кылышат.