
интерент булагынан колдонулду
Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Ысык-Көл райондук жалпы дарыгердик практика борборунун кызматкеринин айлык акысына байланыштуу маалымат боюнча түшүндүрмө берди.
Министрликтин маалыматына ылайык, социалдык тармактарда тараган билдирүүдөн кийин мекеменин администрациясы менен биргеликте эмгек акыны эсептөө боюнча текшерүү жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында кызматкердин эмгек ставкасы кыскартылбаганы аныкталган.
Кайрылуу жасаган кызматкер стоматология бөлүмүндө санитарка болуп эмгектенет. Эмгек акы жогорулатылганга чейин ал 1,5 ставка жана зыяндуу шартта иштегендиги үчүн берилүүчү кошумча төлөм менен ай сайын орто эсепте 14 миң 800 сом алып келген.
Ал эми 2026-жылдын апрель айынан тартып медицина кызматкерлеринин айлыгы көбөйгөндөн кийин, 1,5 ставка, зыяндуулук үчүн кошумча акы жана президенттик 5 миң сомдук компенсация кошулуп, жалпы эсептелген сумма 32 миң 720 сом болгон. Анын ичинен кызматкердин колуна 26 миң 741 сом берилгени айтылды.
Ошондой эле министрлик тарабынан кызматкерге эмгек акыны эсептөө тартиби боюнча кошумча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнү маалымдалды.