
архивдик сүрөт
Энергетика тармагынын жетекчилиги облустагы стратегиялык объекттердин курулушунун жүрүшү жана алдыдагы ШКУ саммитина карата даярдыктар менен таанышты.
Иш сапардын алкагында энергетика министринин биринчи орун басары Ө. Жеңишбеков жана “КУЭТ” ААКнын өкүлдөрү Григорьевка айылындагы иштерди текшеришти. Учурда эски электр тармактары этап-этабы менен заманбап СИП зымдарына алмаштырылууда. “Григорьевка” көмөк чордонунда болсо жогорку чыңалуудагы элегаздык өчүргүчтөрдү орнотуу иштери каралууда.
Ошондой эле “Долинка” көмөк чордонун модернизациялоо долбоору башталып, эски трансформаторлордун ордуна кубаттуулугу 40 МВА болгон эки жаңы трансформатор орнотулуп, объекттин жалпы кубаттуулугу 80 МВАга чейин жогорулатылары белгиленди.
Жетекчилер Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромдун электр менен камсыздалышын да текшерип, ШКУ саммитине карата объектти үзгүлтүксүз энергия менен камсыздоо боюнча так тапшырмаларды беришти.
Мындан сырткары, Жыргалаң тоо лыжа курортунда өткөн көчмө жыйында “Ала-Тоо Резорт” туристтик кластери боюнча иштер талкууланды. Инфраструктураны чыңдоо максатында 35 кВ аба чубалгыларын жер астына өткөрүү, Каракол–Жыргалаң багыты боюнча 110 кВ жаңы линия куруу жана көмөк чордондордун кубаттуулугун жогорулатуу пландалды.
Иш сапардын соңунда жетекчилер “Жашыл мурас” акциясына катышып, курорт аймагына ийне жалбырактуу көчөттөрдү отургузушту.