Кыргызгидрометеорология борбору нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүү жана дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн экенин эскертет.
Коопсуздук боюнча сунуштар:
- Тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарга барбоо.
- Дарыя, капчыгай жээктеринде эс алуудан кармануу
- Нөшөр учурунда тоо жолдорунда жүрбөө
7-майга аба ырайы:
- Ысык-Көлдө түнкүсүн жаан, күн күркүрөйт, тоодо кар жаашы мүмкүн
- Башка аймактарда негизинен жаан жок
- Бийик тоолордо жолдор тайгак болот
- Шамал: батыштан 4–9 м/с
Температура:
- Чүй: түнү 11–16°, күнү 26–31°
- Талас: түнү 11–16°, күнү 24–29°
- Ош, Жалал-Абад, Баткен: түнү 12–17°, күнү 26–31°
- Ысык-Көл: түнү 5–10°, күнү 18–23°
- Нарын: түнү 5–10°, күнү 19–24°
Бишкек:
- Жаан жок
- Шамал 4–9 м/с
- Температура: түнү 14–16°, күнү болжол менен 28–30°