
Сүрөт учурдагы окуядан эмес, архивдик булактан колдонулду
Президент Садыр Жапаров 6-майда Баткен облусуна иш сапары менен барып, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын чек арасы кесилишкен жердеги Достук стеласы жана “Достук” эл аралык соода-экономикалык паркынын долбоору менен таанышты.
Аянты 100 гектар болгон комплекс соода, логистика, туризм жана өндүрүш тармактарын камтыйт. Долбоор ишке ашса 5 миңден ашуун жумуш орду түзүлүп, чек арадагы соода жүгүртүү көбөйөт.
Мамлекет башчысы бул сыяктуу биргелешкен демилгелер аймактын туруктуулугу үчүн маанилүү экенин белгиледи.