
Гоголь көчөсүнүн бир бөлүгү жылуулук түйүндөрүн алмаштырууга байланыштуу убактылуу жабылды.
Бишкекжылуулуктармагы ишканасы Гоголь көчөсүнүн бир бөлүгүндө унаа кыймылы убактылуу токтотуларын маалымдайт.
Оңдоо иштерине даярдык алкагында Москва көчөсүнөн Жумабек көчөсүнө чейинки бөлүктө асфальт-бетон катмары калыбына келтирилип, инженердик тармактар текшерилген.
Текшерүүнүн жыйынтыгында 1980-жылы курулган жылуулук түйүнү эскирип, толук алмаштырууга муктаж экени аныкталган.
Ушуга байланыштуу 2026-жылдын 30-апрелинен тартып Гоголь көчөсүнүн Огонбаев көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу жабылат. Бул чектөө жылуулук түйүнүн алмаштыруу иштерин жүргүзүү үчүн киргизилүүдө.
Жүргүзүлүп жаткан иштер шаардык инфраструктуранын коопсуздугун жогорулатууга жана туруктуу жылуулук менен камсыздоого багытталган.
Ишкана тургундардан жана коноктордон убактылуу ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууну жана каттамдарын алдын ала пландап алууну суранат.