
Агартуу министрлиги өлкө боюнча жаңы эмгек акы тартибин түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги 2026-жылдын 28-апрелинен тартып өлкө боюнча билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңыланган тартибин түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Иш-чараларга министрликтин финансылык жана бюджеттик бөлүмдөрүнүн, ошондой эле борборлоштурулган бухгалтериянын адистери тартылган.
Түшүндүрүү иштери бардык облустарда жана Бишкек, Ош шаарларында өтүп, жаңы эмгек акы системасын туура түшүндүрүү жана кызматкерлердин маалымдуулугун жогорулатууга багытталган.
Ошондой эле бул иш-чаралар майрам алдындагы мезгилде эмгек акыны өз убагында төлөөнү камсыздоого көмөк көрсөтөт.