
Араванда быйыл картошка эрте бышып, дыйкандар түшүмүн сатууга чыгарышты.
Ош облусунун Араван районунда жаңы бышкан картошка сатыкка чыгып, дыйкандар түшүмүн дүң баада сата башташты. Бул тууралуу райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, быйыл райондо картошка 1665 гектар аянтка эгилген. Адатта түшүм май айынын акыркы күндөрүндө бышса, быйыл абанын ыссыгынан улам эрте жетилди.
Учурда дыйкандар картошканы жергиликтүү базарларда жана Бишкек шаарында сатууда.