
Спорттун түрлөрүн улуттук реестрге киргизүү маселеси каралып, ММА жана балык кармоо спорту тизмеге кошулду.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинде спорттун түрлөрүн улуттук реестрге киргизүү эрежелерин бекитүү боюнча жыйын өткөрүлдү.
Жыйынды агенттиктин директорунун орун басары Болотбек Ашыралиев жетектеп, спорт түрлөрүн системалаштыруу жана эсепке алуу маселелери каралды.
Талкуунун жүрүшүндө үч спорт түрү боюнча материалдар каралып, алардын өнүгүү деңгээли, уюштуруу иштери жана коопсуздук талаптары бааланды.
Жыйынтыгында ГАММА ММА жана АММА ММА спорт түрлөрү олимпиадалык эмес спорт катары реестрге киргизилип, B тобуна кошулду. Балык кармоо спорту С тобуна киргизилди. Ал эми парашюттук спорт реестрге киргизүүдөн баш тартылды.



